7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркиянын коргоо министри баштаган делегациясы иш сапары менен Кыргызстанга келди

689

Кечээ, 28-июнда Кыргызстан менен Түркиянын Коргоо ведомстволорунун ортосунда жетишилген келишимдерге ылайык, Түркиянын Улуттук коргоо министри Хулуси Акар баштаган аскер делегациясы Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Бул тууралуу КР Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ТРнын Улуттук коргоо министринин расмий иш сапарынын алкагында КРнын коргоо министри Таалайбек Өмүралиев менен эки тараптуу жолугушуусу пландаштырылууда. Анда эки өлкөнүн Коргоо мекемелеринин аскердик, аскердик-техникалык кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги талкууланмакчы.

Ошондой эле аскер делегациянын «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексине жана Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине баруусу каралган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

690