7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркиянын лыжа курортунда чыккан өрттөн 76 адам каза болду

372

Түркиянын Болу провинциясындагы Карталкая курортунда чыккан өрттөн каза болгондордун саны 76 адамга жетти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Кырсык 21-январга караган түнү болгон. Эс алуучулардын көбү бири-бирине уланып байланган шейшептерди кармап түшүүгө аракет кылышкан, айрымдары терезеден секиришкен. Жалпы жонунан 51 киши жабыркаганы айтылды.

Тергөөнүн алкагында тогуз адам, анын ичинде мейманкананын ээси кармалганы кабарланууда. Өлкөдө аза күтүү жарыяланды.

Кыргызстандын ТИМи өрттөн каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирди.

 

373