7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркиянын тамшандырган жайкы тамактары

755
Түркия тамактын түрүн тандап, кайсы жерде болбосун даамдуу менюну кууп жеткендер үчүн эң мыкты жер. Үч тарабынан деңиз менен курчалган Түркия бай маданий тарыхка, кереметтүү пейзажга жана зыяратчылардын көңүлүн ала турган көптөгөн туристтик жерлерге ээ. Мындан тышкары, бул өлкө кылымдык тарыхы бар гастрономиясы, мыкты даамдары кишини өзүнө тартып турат.
Жайкы сезондо Түркияда зайтун тамактары, жашылчалар жана деңиз азыктары менен даярдалган жеңил рецепттер өтө популярдуу болот. Бүгүн биз жайдын ысык күндөрүндө тамактан жакшы өтө турган түрк стилиндеги жеңил, пайдалуу жана даамдуу бир нече даамдар менен тааныштырабыз.
ЗАЙТУН МАЙЫ ЖАНА ЧӨПТӨР
Түркияда ден-соолукту чыңдоо, фитнес жана диета сактоодо эч кыйнайлбайсыз. Анткени туура тамактануунун башкы рецептерине киргизилген зайтун майын бул өлкөнүн кайсы тамагына болбосун кошулат. Зайтун тамактары ресторандарда кичинекей тарелкаларда закуска катары берилсе, үйдө негизги тамак болуп саналат. Маселен зайтун майы кошулган жашыл буурчак негизинен закуска катары берилсе, жай мезгилинде үйлөрдө негизги тамак болуп эле калат.
Тамак жеңил жана пайдалуу болусу үчүн жай мезгилинде эт жана фаршты колдонуу да кыскартылат. Жашыл буурчак, баклажан тамактары, жүзүм сабагынын жаңы жалбырактары (сарма) же фаршталган жашылчаларды (долма) да этсиз бышырып алса болот. Жайында жаңы жашыл чөптөрдү колдонуу да көбөйүп, ар бир тамакка зайтун майы, уксус же лимон кошулган салаттар берилет.
Ошондой эле Түркиянын кайсы жерине барбаңыз, аймактагы уникалдуу чөптөрдү кезиктирүүгө болот. Анткени бул кең пейзажда ар бир аймактын өзүнүн уникалдуу биологиялык ар түрдүүлүгү бар. Мисалы, Эгей деңизинин бермети Измирде “шевкет-и бостан” же “дениз бөрүлжеси” (туздуу тархун) сыяктуу чөптөрдү татып көрүүгө болот. Эгей деңизинин жээгинде топинамбур, чучук гүлү жана башка жашылчалар өсөт. Жайдын аптаптуу күндөрүндө көбүнчө коон-дарбыз жана ак сыр дасторконго көп тартылат. Эзине (Чанаккале) сыры, бир нече тилим коон же дарбыз жеңил тамактардын тизмесин толуктайт.
ТҮРК РИВЬЕРАСЫНЫН ДААМДУУ РЕЦЕПТТЕРИ
Түрк Ривьерасы жагымдуу климаты, укмуштуудай пейзаждары жана ден-соолукка пайдалуу ашканасынан тышкары, жай айларында органикалык зайтун майы менен даярдалган жашылча тамактары менен да кишинин көңүлүн бурат. Тахинли пияз – Түрк Ривьерасына барганда татып көрүү керек болгон деликатестердин бири. Кургак буурчактын тахини, пияз жана помидор менен эң сонун айкалышы жайдын ысык күнүндө негизги тамактын ордун ээлей алат. Ошондой эле дүйнөдөгү эң даамдуу апельсиндердин бири саналган Finike апельсиндерин да сөзсүз татып көрүңүз! Бир стакан муздатылган Finike апельсин ширеси жайдын ысык күндөрүндө сизди сергитет.
Түрк жайкы тамактары бир гана Эгей жана Жер Ортолук деңиз аймактарынын даамдарына негизделген эмес. Айран ашы (йогурт, буудай жана нокот кошулган муздак шорпо) жайдын сүймөнчүгүнө айланган, Чыгыш Анадолунун эң белгилүү жергиликтүү тамактарынын бири. Анадолуга барганда ар кайсы аймактарда ар түрдүү дан азыктары менен жасалган шорподон да ооз тийиңиз. Анадолунун ысык күнүндө эчкинин сүтүнөн жана Караманмарашта өстүрүлгөн жапайы орхидея тамырынан жасалган Мараш балмуздактары да абдан сергитет.
БАЛЫКТАР
Балык Жер ортолук деңиз диетасынын маанилүү элементи болуп саналат. Ошондой эле түрк ашканасынын эң маанилүү даамдарынын бири. Түркия үч деңиз менен курчалган өлкө катары сезондук деңиз азыктары менен дүйнөгө белгилүү. Жайкы даамдар үчүн түрк менюларында сиз көптөгөн даамдуу балыктарды таба аласыз. Ошондой эле Борнова Мискети, Эмир жана Наринже сыяктуу түрк жерлерине гана таандык жергиликтүү жүзүмдөрдүн ак шараптары деңиз азыктары, зайтун майы жана жайдын жаңы мөмөлөрү менен шайкеш келип, дасторконуңузду толуктайт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

756