7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
20°C

Туристтерге баңгизат сатуу менен алектенген жаран кармалды

374

Бишкек шаарында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүнүн туруктуу каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Мыйзамсыз жүгүртүүнүн алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштер жүргүзүлүп, улуттук коопсуздук органдарынын байкоосуна Кыргызстандын жараны түшкөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө Б.Д.Б. туруктуу негизде баңги каражаттарын ташуу жана сактоо, ошондой эле аларды Бишкек шаарынын аймагында көбүнчө жаштарга жана чет өлкөлүк туристтерге сатуу менен алектенгени аныкталган.

29-июлда жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-аракеттердин натыйжасында аталган жаран кармалды. Жеке тинтүү учурунда өзгөчө ири өлчөмдө 108 грамм (9 брикет) баңгизаты табылган. Алынган заттарга соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, брикеттердин курамында каннабиноиддик топко кирген, баңгизаты болуп саналган гашиш бар экенин көрсөткөн.

Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда бул кылмышка чогу катышкан жарандарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

375