7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркмөнстанда 6 балалуу аял ун талаштан улам каза болду

922

Дашөгүз облусуна караштуу Гөроглы районунда арзандатылган ун үчүн кезекке турган аял мушташып каза болду. Окуяга байланыштуу мамлекеттик дүкөндүн сатуучусу камакка алынган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, окуя 14-июлда болгон. Сатуучу алып келген ун абдан аз экенин, баарына жетпей турганын айтканда кезекте тургандар дүкөнгө жабылышкан. Андан соң кезек сакталбай, жаңжал чыккан. Ун талашкандар мушташып жатканда 45 жаштагы алты баланын энеси тепкичтен жыгылып, башы менен катуу тийген да, ошол жерде каза болгон. 

Дүкөндүн алдына 300дөй адам чогулган. Алар 3 айдан бери ундун берилишин күтүп жүрүшкөн.

(Иллюстрация сүрөт)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

923