7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркмөнстандын президенти жана Тажикстандын президенти Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттуктады

754

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Кыргызстан элин жана президент Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Түркмөнстандын президенти Садыр Жапаровго бекем ден-соолук жана бакыт, ал эми Кыргызстан элине — тынчтык, бакубатчылык жана өнүгүү каалады.

Тажикстандын президенти бүткүл дүйнө мусулмандары үчүн ушул берекелүү күндөрдө бир тууган Кыргызстан элине тынчтык, бейпилдик, бакубатчылык, молчулук жана гүлдөп өнүгүү каалады.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

755