7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дарыяга тонналаган сүттөрдү төгүп жаткан айдоочунун өздүгү аныкталды

800

Социалдык тармактарда сүт ташыган унаадан сууга сүт куюлуп жаткан видео тараган. Бул тууралуу Чүй ОИИБ төмөндөгүлөрдү билдирди.

Бул факты боюнча Сокулук РИИБ кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү учурунда сүт ташыган айдоочунун өздүгү такталып, ал Сокулук районунун тургуну 30 жаштагы Г.Г болуп чыкты.

«Текшерүүнүн жүрүшүндө сүт ташуучу унаанын айдоочусу чогултулган сүттү Сокулук районунун Жаңы Жер айылынан жана Жогорку Чүйдөн үстүбүздөгү жылдын 30-апрелинде чогултуп, сүттүн составы белгиленген тийиштүү талаптарга жооп бербегендигине байланыштуу сүт алуучу ишканага тапшыра алган эмес, ошого байланыштуу 2022-жылдын 1-май күнү саат 11:00 чамасында Жаңы-Жер айылында сүт ташуучу унаанын айдоочусу 8,5 тонна сүттү сууга куюп, аны видеого тартып, кардарларына жөнөткөн.

Мындан тышкары, Чүй ОИИБ кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун аймагында сүт кабыл алып жаткан жеке ишканалар менен тиешелүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, алар кадимки режимде иштеп жатканы белгилүү болду.

Бул факты Сокулук РИИБнин ЖИИБге катталып, мындан ары тыкыр текшерүүлөр уланып, жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет»,- деп берилет билдирүүдө.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

801