Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Кыргызстан элин жана президент Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Түркмөнстандын президенти Садыр Жапаровго бекем ден-соолук жана бакыт, ал эми Кыргызстан элине — тынчтык, бакубатчылык жана өнүгүү каалады.
Тажикстандын президенти бүткүл дүйнө мусулмандары үчүн ушул берекелүү күндөрдө бир тууган Кыргызстан элине тынчтык, бейпилдик, бакубатчылык, молчулук жана гүлдөп өнүгүү каалады.