7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош: Борбордук аянттагы айт намазга 13 миңден ашык адам катышты (ФОТО)

687

Ош шаарынын борбордук аянтында Орозо айт намазын 13 миңден ашык адам окуду. Бул тууралуу Ош шаардык  мэриясынан басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 2- майда Ош шаарынын борбордук аянтында Орозо айт намазы окулду.

 

Ага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, ЖК депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, дин өкүлдөрү, аксакалдар жана бардык муниципалдык аймактык башкармалыктарынын тургундары катышты.

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов калаа тургундарын ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктады.

“Бүгүн ыйык Рамазан айы аяктагандан кийин, биз эң маанилүү майрамдардын бири – Орозо айтты белгилейбиз! Бүгүн майрамдык айт намазын окуп, Жараткандан жерибизге, туугандарыбызга, досторубузга тынчтык, өз ара түшүнүшүү жана береке тилеп жатабыз. Мен жеке өзүмдүн жана Ош шаарынын мэриясынын атынан жалпы мекендештерди айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм жана ар бир пендеге жакшылыктарды каалайм. Баарыңыздарды ар дайым ийгилик коштоп жүрсүн, ар бир үй-бүлөдө бакубатчылык, ынтымак, чың ден соолук, береке жана ийгиликтер болсун! Ар бир адамдын жан дүйнөсүнө тынчтык каалайм. Кармаган орозоңуздар кабыл болсун. Орозо айт маарек болсун урматтуу мекендештер!”- деди мэр куттуктоо сөзүндө.

Шаардын борбордук аянтындагы айт намазга жалпысынан 13 миңден ашык адам катышты.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

688