Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармонияда белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы салтанаттуу белгиленүудө.
Иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, экс-президент Сооронбай Жээнбеков, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, башкы прокурор Курманбек Зулушев, Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев жана бир топ коомдук ишмерлер катышууда.
«Өткөндөр баркталмайын, тирүүлөр даңкталбайт» деп сөз баштаган мамлекет башчысы Садыр Жапаров мамлекетибизди түптөп кеткен ата-бабаларыбызды эстеп турбасак тарых бизди кечирбейт деди..
Исхак Раззаков — 1910-жылы 25-октябрда Хоросан Бокса айылында, азыркы Баткен облусунун Лейлек районунда шахтердун үй-бүлөсүндө туулган. 8 жашында жетим калып, Ходжентте балдар үйүндө тарбияланган. 1925-29-жж. Өзбек агартуу институтунда (Ташкент) окуп, кийин мында коом таануудан окутуучу болуп иштеген. Андан соң 1931-36-жылдары Москва пландык институтунда окуйт.
1950-жылдан 1961-жылга чейин – ал Кыргыз Компартиясынын БК биринчи катчысы болгон.
И. Раззаков 16 жылдан ашуун эң жогорку жана жооптуу кызматтарда иштеп, экономика жана маданияттын өнүгүшүнө зор салым кошкон.