7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Окуучу мугалимди мазактаган видео боюнча мэрия үн катты

633

Буга чейин социалдык тармактарда мектептин окуучусу сабак учурунда түз эфирге чыгып, мугалимди сыйлабаган мамилесин көрсөткөн видео тараган.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, мэриянын билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Арстанбекова №91 орто мектеп-гимназиясында болушту.

Министр окуучу бала жана мугалим менен жолугушуп, баланы ар дайым мугалимди сыйлоого чакырды. Окуучу түз эфирде кылган жосунсуз жоругу үчүн эжейинен жана жалпы мугалимдерден кечирим сурап, экинчи кайталабоого сөз берди.

Мектеп жетекчилигине балдардын жана ата-энелердин психологдор менен жолугушуусун уюштуруу, тарбиялоо боюнча класстык сааттарды өткөрүү тапшырылды.

Белгилей кетсек, министр мыкты мугалимдер, мектеп жана билимдин мааниси тууралуу видеоролик тарткан окуучуларга атайын сыйлык ыйгарарын кошумчалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

634