7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таң эрте жумушка чыккан кайгуулчуну Ташиев 100 миң сом менен сыйлады

737

Бүгүн, 13-июнда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев таңкы саат 05:30дар чамасында жумушка келе жатып, Бишкек шаарынын ички жолдорунун биринде өзүнүн кызматтык милдеттерин жалгыз өзү аткарып жаткан Патрулдук милиция кызматкерин көргөн. Анын жүргөн жолунда андан башка патрулдук милиция кызматкери иштеп жаткан учур болгон эмес.

Ташиев Патрулдук милиция кызматкеринин таң эртеден өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жатканын баалап, ага белек жана акчалай сыйлык тапшырды. Кызматкер Бишкек ШИИБнин Патрулдук милиция кызматы башкармалыгынын кенже инспектору, милициянын сержанты Көлбаев Амангелди аттуу жаш кызматкер болуп, ал УКМК төрагасынын кабыл алуусуна чакырылды.

УКМК төрагасы белек жана сыйлык тапшырып жатып, «Ар бир мамлекеттик кызматкер Кыргызстан үчүн берилгендик менен, ар бир саатын кызмат үчүн арнап, талыкпай эмгек кылууга милдеттүү…»- деп белгиледи.

Патрулдук милиция кызматкеринин жумушуна ыраазычылыгын айтып, мындан ары дагы кызматын сүйүп, милдетин так аткаруусуна тилектештигин билдирип, 100 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык жана белек тапшырды.

 

 

738