7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мыйзамсыз иштеп жаткан медресенин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

433

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Васильевка айылынын аймагында мыйзамсыз иштеп жаткан диний билим берүү мекемесинин ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Аталган мекеме ишмердүүлүктү дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу органда каттоодон өтпөстөн жүргүзгөн. Дин жана билим берүү тармагында архитектуралык-курулуш жана санитардык-гигиеналык нормаларды бузуулар катталган.

Аталган медресени Ж.У. аттуу жаран уюштуруп,  ал салттуу эмес диний агымдардын биринин жетекчисинин тууганы болуп, 2022-жылдан бери мыйзамсыз иштеп келген. Текшерүү учурунда медреседе атайын окуу программасы жок,  жашы жете элек 33 бала билим алып жаткандыгы аныкталды.Текшерүүнүн жыйынтыгында материал электрондук маалымат каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки иликтөө иштери жүрүп, медресе мөөр басылып, окуучулар ата-энелерине өткөрүлүп берилди.

УКМК акыркы жылдары жайкы эс алуу мезгилинде балдар үчүн диний лагерлер калк арасында кеңири жайылганын, буга байланыштуу ар кандай салттуу эмес диний агымдардын жактоочулары тарабынан ар кандай шектүү окуу борборлору жана лагерлер мыйзамсыз уюштурулуп, иштеп жатканын белгилейт.

Буга байланыштуу УКМК ата-энелерге диний билим берүү мекемелерин тандоодо алгач аталган окуу жайлардын ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун (каттоосу, уруксат кагаздары жана лицензиялары, окуу планы ж.б. бар) текшерип алууну сунуштайт.

 

 

 

 

 

434