7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош мэринин мурдагы жардамчысы кармалды

251

Ош шаарынын мэринин мурдагы жардамчысы акча талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

А.К.С. аттуу жаран Ош шаарынын мэринин жардамчысы болуп турган учурда коркутуу жана кысым көрсөтүү жолу менен, ошондой эле ар кандай текшерүүлөрдү уюштурууну шантаж кылып, ай сайын Ош шаарынын борбордук базарынын директорунан 400 миң сомдон акча каражатын алганы аныкталды.

Мындан тышкары, ал 2023-жылы И.Н.И. аттуу  жарандын 6,4 млн сом акча каражаттарын  «Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө» жана «Ош шаарынын күнүнө» карата майрамдык иш-чараларды өткөрүү үчүн  демөөрчүлөр тарабынан жардам чогултуу шылтоосу менен, алдоо жолу аркылуу ээлеп алган.

Ал 2023-жылдын апрелинен декабрь айына чейин кесиптештеринин жана коомчулуктун белгилүү бир таасирине жана ишенимине ээ болуп,  мыйзамсыз акча каражаттарын алган деп айыпталууда. Бул ишенимди өзүнүн жеке кызыкчылыгына пайдаланып, системалуу түрдө акчалай сыйлыктарды алып, анын ордуна өзүнүн жардамын жана колдоо көрсөтүүсүн убада кылган. Анын аракеттеринин натыйжасында мамлекетке жана коомго олуттуу зыян келтирилип, акчалай эсептегенде 10 миллион сомго чейин жеткен.

Мындан тышкары, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, опузалоо жолу аркылуу Ош шаарынын башка ишкерлеринен да өзгөчө ири өлчөмдө акча алган.

30-майда ага карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 3-бөлүмү (Өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп,  2 айлык мөөнөткө УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

 

 

252