7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Таӊшый бер кыргыз комузу!» Президент Комуз күнү менен куттуктады

562

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-сентябрда, кыргызстандыктарды Комуз күнү менен куттуктады.

«Урматтуу мекендештер!

Ардактуу кыргызстандыктар!

Улуттук маданиятыбыздын сыймыгы, элдик өнөрүбүздүн башаты болгон, кыргыздын өзгөчө символу – Комуз күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Кыргыз, кыргыз атка конгону жанында комузу кошо жаралгандай. Ошондон бери кыргыздын эрмеги – комуз, арманы – күү. Кыргыздын каны-жаны менен бир болуп, демине дем, күчүнө күч берип келет!

Комуз — адамдын ички дүйнөсүн, ой-толгоосун түшүндүрө алган жандуу аспап. Сыздаган добушунда элибиздин кубанычы менен кайгысы, ар – намысы менен абийири, тарыхы менен таржымалы баяндалат. Сыдырым тоонун желиндей бирде шар, бирде мукам кайрыктарды камтыган “Камбаркан”, “Сынган бугу”, “Маш ботой”, “Эргиме”, “Саадак какты”, “Ак бугу” жана башка керемет күүлөр азыр да кыргыздын канын толкутуп, сезимин козгоп турат.

Залкар комузчулар Ниязалы, Айдараалы, Карамолдо, Токтогул, Мураталы, Ыбырай, Атай, Шекербек жана башкалар не бир түркүн ойлорду, сезимдерди камтыган, татаал кайрыктуу, мукам абаздуу күүлөрдү жан дүйнөнү байыткан руханий азык кылып калтырышты.

Заманыбызга жараша комуз күүлөрү жаӊыча жаӊырып, жаңыча ойноо ыкмалары, ыргактары менен толукталып барат. Кийинки эле Асанбек Кыдырназаровдун “Кыргыз көчү”, Нурак Абдрахмановдун “Соӊ-Көл баяны”, “Сары-Өзөн баяны”, Руслан Жумабаевдин “Эрке Сары” күүлөрү уккан элдин кумарын кандырып, черин жазып, жамы кыргыз журтчулугуна тереӊ сиӊип кетти.

Кыргыздын улуу мурасы болгон комуз дүйнөсүн урматтап, аздектеп, урпактарга өткөрүп берүү ар бир кыргыз жаранынын милдети экенин унутпашыбыз керек.

Комуз күнү жакшы жөрөлгөгө айланып, мындан ары республикабыздын маданий турмушунда өзүнүн татыктуу ордун табат деген чоӊ ишеничтемин!

Таӊшый бер кыргыз комузу!

Комуз күнүӊүздөр менен!»,-деди өлкө башчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

563