Социалдык тармактарда баланы белгисиз аял сабап жаткан видео тарап, кызуу талкууга алынды.
Спутник Казакстан басылмасы билдиргендей, окуя 1-сентябрь күнү Түркстан облусунун Шардара шаарындагы жеке менчик бала бакчалардын биринде болгон.
Видеодо мугалим баланы сабап, кыйкырып жатканын көрүүгө болот. Шардара райондук адамдык потенциалды өнүктүрүү бөлүмүнүн адистери видеодогу аял ал бала бакчада тарбиячы экенин айтышкан.
«Тарбиячы жумуштан четтетилип, аталган факты боюнча Шардара райондук милиция бөлүмүндө каттоого алынган. Бала бакчанын тарбиячысына карата «баш коргоо чарасы» каралган. Учурда Шардара райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери окуянын чоо-жайын тактоодо», — деп билдирген Түркстан ОИИБнин басма сөз кызматы.