7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тайванда акыркы 25 жылдагы эң күчтүү жер титирөө болду

335

3-апрель күнү эртең менен Тайванда акыркы 25 жылдагы эң катуу жер титирөө болду. Ар кыл сейсмологиялык агенттиктердин маалыматына караганда, анын магнитудасы 7,2ден 7,7ге чейин жеткен.

Жер титирөө Хуалянь шаарына жакын жерде болгон. Телеканалдар зилзаладан улам кыйраган имараттарды жана көчкөн жерлердин кадрларын көрсөтүүдө. Катуу жер титирөө аралдын түндүгүндө жайгашкан Тайбэй метросунда да сезилди. Метро кыска убакытка жабылып, бирок көп өтпөй каттамдар кайра жанданган. Жер титирөө Кытайдын түштүк-чыгышында жана Шанхайга чейин сезилген.

Акыркы маалыматтарга караганда, 7 адам каза болуп, 700дөн ашууну жараат алган. Куткаруучулар урандылардын астында дагы 77 адам болушу мүмкүн экенин билдирүүдө.

Тайвандын тиешелүү органдары дээрлик бардык жерде электр энергиясы калыбына келтирилгенин, атомдук станциялар жабыркабаганын билдирди. Темир жолдор жана поезддер да зыянга учураган жок, бирок текшерүүлөргө байланыштуу кечигүүлөр болушу мүмкүн.

Бул 1999-жылдан берки Тайвандагы эң күчтүү жер титирөө болуп калды. Анда силкинүүнүн күчү 7,6 баллга жетип, эки миңден ашуун адам каза болуп, 50 миңге жакын имарат кыйраган.

336