7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тоголок жетим балдарга мамлекеттен 500 миң сомдон берилет

585

Тоголок жетим балдарга 500 миң сомдон берилет. Алар үчүн 270 миллион сом банктарга депозитке жөнөтүлөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз улуттук университетинин студенттерине лекция окуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө ата-энеси жок 2000дей бала бар. Баарына «Айыл банктан» эсеп ачылып жатат, алар 18 жашка чыккандан кийин каражатты окууга жана ипотека менен үй алууга колдоно алат.

«Балдар үйүндө тарбияланган балдар, 18ге чыккандан кийин кам көрүлбөй, уурулук, кылмыш же сойкулук менен алектенип кеткен фактылар көп катталган. Мамлекет аларга көңүл бурчу эмес. Экономикабыз оңолуп, мамлекетибиз кубаттуу болуп калды, ушинтип колдоого муктаж коомдун катмарына көңүл бурулуп жатат», — деп кошумчалады Акылбек Жапаров.

586