7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Пара талап кылууга шектелип милициянын подполковниги жана майору кармалды

507

Опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек ШИИБдин кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

ИИМдин Ички чалгындоо кызматы менен биргеликте, 160 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек ШИИБнин тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага тергөөчүсү, милициянын подполковниги К.Б.М., Бишкек ШИИБдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн тескөөчүсү, милициянын майору А.А.Э., ошондой эле ортомчу катары иш алып барган А.Э.Э. аттуу жаран кармалды.

Тергөөнүн жыйынтыгында жаранга кылмыш ишин козгоп, кылмыш жоопкерчилигине тартуу шылтоосу менен акча талап кылынгандыгы аныкталды. Жогоруда аталган адамдардын кызматтык бөлмөлөрүндө пара катары алынган 80 миң сом суммасындагы акча каражаттарынын бир бөлүгү, ошондой эле 30 миң сомдон ашык суммадагы башка далилдер табылып алынган.

3-апрелде аталган адамдар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда укук коргоо органдарындагы коррупцияны жоюу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.

508