7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тайырбек Сарпашев 500 гектар жерди мамлекетке кайтарып бермей болду

308

Мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев мурда алынган жерлерди мамлекеттин балансына кайтармай болду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 500 гектар жайыт жана Токтогул районундагы 30 гектар сугат жер кайра мамлекетке өтөт. Аталган жер тилкелери эмки жумада Токтогул районунун балансына берилет.


Белгилей кетсек, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына кечээ Тайырбек Сарпашевди суракка чакырган. Мекеме ага каршы мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки териштирүүнү баштаган. Учурда сотко чейинки өндүрүш алкагында териштирүү иштери уланууда.


Тайырбек Сарпашев 2012-2014-жылдары вице-премьер-министр, 2014-2015-жылдары биринчи вице-премьер-министр болуп эмгектенген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

309