7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Такыр-Төр көлүнө жакын аймактарда “Өзгөчө кырдаал” режими киргизилди

283

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы “Такыр-Төр” көлү жээктен ашып, коркунуч жараткан Алмалуу айылына РЭТтен (Райондук электр тармактары) 16 кызматкер тартылып, жогору тарабында электр мамычаларынын түбүн бекемдөө иштерин жүргүзүүдө.

Жеринде ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынан ыкчам топ (5 кызматкер), райондук ӨК бөлүмүнөн 24 кызматкер, 1 экскаватор, 1 жүктөгүч, №43 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 манипулятор, райондук Жарандык коргонуу кызматынан 22 кызматкер, ИИМден 28 кызматкер, 7 атайын техника, айыл аймактан 19 кызматкер, 2 экскаватор, суу чарба башкармалыгынан 1 экскаватор жалпы 114 адам, 14 техника даярдыкта турат.

Эске салсак, 2025-жылдын 27-июнь күнү Ысык-Ата районундагы “Такыр-Төр” бийик тоолуу көлү жырылып, Алмалуу, Горная-Серафимовка, Нижняя Серафимовка айылдарын аралап өтүп, Алмалуу айылында 1 көпүрөнү агызып, жол жабылган. Ошондой эле Бишкек — Кой-Таш — Ысык-Ата унаа жолуна, дачаларды, көпүрөлөрдү, жана карылар-үйүнүн дарбазасын суу каптап кетүү коркунучун жараткан. Буга байланыштуу өзгөчө кырдаалды жоюу максатында бүгүн, 28-июнь күнү Ысык-Ата райондук администрация башчысы-акимдин 2025-ж. 28.06. №211 тескемесинин негизинде райондун аймагына “Өзгөчө кырдаал” режими киргизилди.

284