7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Талант Эралиев Улуттук кардиология жана терапия борборунун жетекчиси болуп дайындалды

24

М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун жетекчиси болуп Талант Эралиев дайындалды

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Эралиев Талант Каканович 1987-жылы туулган.

Ал 2011-жылы Россиянын Санкт-Петербург шаарынын С.М. Киров атындагы Аскердик-медициналык академиясынын «Дарылоо иши» адистиги боюнча бүтүргөн.

2011-2012-жылдары «Хирургия» адистиги боюнча интернатурасын өтүп, 2012-жылы Казакстандын Алматы шаарында “SEMA” медициналык борборунда интервенциялык кардиология боюнча баштапкы квалификация курсунан өткөн.

2012-2014-жылдары Ош шаарындагы Аскердик госпиталдын хирургия бөлүмүнүн ага ординатору болуп эмгек жолун баштаган.

2013-2014-жылдары Ош шаарындагы «Кардио Азия Плюс» медициналык борборунда интервенциялык кардиолог дарыгери болуп айкалаштырып иштеген.

2016-2022-жылдары Ош шаарындагы Аскердик госпиталынын хирургия бөлүмүнүн башчысы, Ош шаарындагы «Кардио Азия Плюс» медициналык борборунда рентгенэндоваскулярдык диагностика жана дарылоо дарыгери, Ош облустук бириктирилген клиникалык ооруканасынын эндоваскулярдык хирург дарыгери болуп эмгектенген.

2019-2023-жылдары Ош шаарындагы Аскердик госпиталынын медициналык кызматтын башчысы — директордун орун басары кызматын аркалаган.

2022-2023-жылдары Ош шаарындагы «EUROCLINIC» медициналык борбордун рентгенэндоваскулярдык диагностика жана дарылоо дарыгери болуп болуп айкалаштырып иштеген.

2022-жылдан тартып 2026-жылдын январь айына чейин Ош шаарындагы «Кыргызстан-Россия клиникасында» рентгенэндоваскулярдык диагностика жана дарылоо дарыгери болуп иштеп келген.

Медицина илимдеринин кандидаты илимий даражасы Россиянын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигине караштуу академик Е.Н. Мешалкин атындагы Новосибирск илимий-изилдөө патологиялык кан айлануу институтунда ыйгарылган.

«Кыргыз рентгенэндоваскулярдык хирургдар илимий-медициналык коомунун» төрагасы.

25