7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек шаарында 51 миңден ашык турак жай жаратылыш газына кошулду

380

Бишкек шаарында 51 миңден ашык турак жай жаратылыш газына кошулду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай көрсөткүчкө жетүү турак жайларды газдаштыруу үчүн жеңилдетилген насыяларды берүүнүн аркасында мүмкүн болду.

Эскерте кетсек, министрлер кабинетинин тескемесине ылайык, жарандарга үйлөрүн газга туташтыруу үчүн 150 миң сомго чейин жылдык 3 пайыз менен жеңилдетилген насыялар берилүүдө. Буга чейин пайыздык чен 8 пайызды түзчү.

Министрликтен белгилешкендей, мунун натыйжасында борбор калаада көмүр керектөө болжол менен 100 миң тоннага азайып, бул шаардагы экологиялык абалга оң таасирин тийгизди.

381