7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Талант Мамытов 7-апрель — Элдик апрель революциясы күнү менен куттуктады

716

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 7-апрель — Элдик апрель революциясы күнү менен куттуктады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

«7-апрель — кыргыз элинин эркиндик, демократия жана акыйкаттык үчүн күрөшкөн күнү. Ушул күн карапайым калктын аракети менен ишке ашып, элдин эркиндикке болгон умтулуусун, бийликти мыйзамсыз түрдө басып алууга каршы күрөшкөн кайратын, өлкө келечеги үчүн өзүн курмандыкка чалган эрктүүлүгүн чагылдырып турат.

Тилекке каршы, ал күрөш көп жоготуулар менен коштолду. Көптөгөн мекендештерибиз жарадар болуп, ден соолугунан ажырады. Андыктан Апрель элдик революциясынын кыргыз тарыхындагы орду өтө маанилүү. Аны ар убак өкүнүү менен эскерип, элибиздин тайманбастыгына дайыма таазим кылабыз.

Сиздер ошол күндөрү Кыргыз мамлекетинин кайра жаралуусу үчүн зор салым коштуңуздар. Ар бир келечек муун 2010-жылдын 7-апрелинде болуп өткөн окуялардын курмандыктарын унутушпайт. Эр-азаматтарыбыз жаштарга элдин эркиндиги менен тынчтыгы үчүн күрөшкөн улуу инсандар катары үлгү болуп кала берет. Эркиндик жана чындык үчүн өз өмүрүн арнагандардын элеси жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат.

Мындан ары мамлекетибиз гүлдөп-өсүп, коогалаңдуу окуялар эч качан кайталанбасын. Өлкөбүзгө тынчтык, ынтымак менен ырашкерлик орносун», — деп жазылат билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

717