7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

7-Апрель-Элдик революциясына 11-жыл (окуянын хронологиясы)

1767

7-Апрель-Элдик революциясына 11-жыл. 2010-жылдын дал ошол күнү Бакиевдин режимине каршы болгон миңдеген адам борбордук аянтка чыгышкан. Ошондон улам бул күн кыргыз эли эркиндик, адилеттүүлүк жана мыйзамдуулук үчүн бийликке каршы чыккан тарыхый окуя катары эсте калды. Каргашада 87 азамат окко учуп, калктын жыргал жашоосу үчүн көз жумгандар кыргыз элинин эсинде түбөлүккө сакталат.

 

Окуяны эскерүү:
2010-жыл 6-апрель

Талас облустук администрациясынын алдына чогулган оппозиция тарапкерлери өлкөдөгү экинчи бийлик алмашууга себепчи болушкан. Тактап айтканда, ошол кездеги бийликтин ишмердүүлүгүнө нааразы болгон эл чогулуп митингке чыгышкан. Таластагы митингди кууп таркатууга көп сандагы милиция, ал тургай Бишкектен атайын бөлүктөрдүн аскерлери тартылып, кагылыштын жыйынтыгында облустук администрация нааразы болгон элдин колуна өтүп, талкаланган.

 

6-апрель 16:13

Таласта митингге чогулган эл Курманбек Бакиевдин сүрөтүн өрттөштү. 


Андан көп узабай, Нарын, Чүй, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым аймактарында да нааразычылыктар күчөгөн.

 

2010-жыл 7-апрель 

7-апрель күнү эртең менен ошол кездеги президент Курманбек Бакиев чукул жыйын өткөрүп, кырдаалдан чыгуу  аракеттерин көрө баштаган. Ал арада Бишкектин Алматы көчөсүндө жайгашкан “Форум” имаратынын алдында нааразы болгондор чогулуп, аларды таркатуу үчүн барган күчтөр менен чогулгандарарасында кагылыштар башталган. Натыйжада нааразы болгондор көптүккө салып тартип коргоо кызматкерлеринин куралдарын тартып алып, аларды ур-токмокко алышты. Бир канча унаалар өрттөлдү. Баш аламан митингдер өлкөнүн башка аймактарында да күч алды.

 

7-апрель 13:40 

“Форумдун” алдында милициядан куралдарды тартып алгандар өкмөт үйүн көздөй жүрүш жасап, саат 13:40 чамалаш демонстранттар Ак үйгө чабуул жасай башташты. Күч органдары аларга каршы көздөн жаш агызчу куралдарды, желим окторду колдонду.

 

 

7-апрель  14:30-16:00 

Саат 14:30 чамалаш митингчилер арасынан алгачкы жаракат алгандар тууралуу маалыматтар пайда болду. Саат 16:00 ченде Ак үйдү кайтарган күчтөр митингчилерди кадимки өлтүрүүчү октор менен ата башташты.

Оппозиция тарапкерлеринин жеңиши

Ошол күнү кечинде оппозиция лидерлери митингчилердин колуна өткөн Улуттук биринча канал аркылуу белгилүү болгон. Ал эми ал кездеги өлкө башчы Курманбек Бакиев куралдуу сакчыларынын коштоосунда “Манас” аба майданына, андан ары учакка отуруп Ош шаарына качкан. Ал жактан кийинчерээк Жалал-Абад облусундагы өзү өскөн Тейит айылыда баш калкалап турду.

Көп өтпөй ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов, УКМКны башкарып турган Мурат Суталинов, президенттин уулу Максим Бакиев баштаган ири чиновниктер да изин жашырышты.

2010-жыл 8-апрель 

Саламаттыкты сактоо министирлиги коолгалаңдан улам жабыркагандардын саны 1000ден ашканын жана каза болгондор 75ке жетти деген  маалымат берген. Кийинчерээк, оор жаракаттан улам каза болгондордун саны 87 адамга жетти.

2011-жыл 17-ноябрь 

Мындан улам Жогорку Кеңештин депутаттары 2011-жылдын 17-ноябрындагы кезектеги жыйынында «7-Апрель – Элдик революция күнү жөнүндө» мыйзам долбоорун бир добуштан кабыл алышкан.

 

2016-жыл 6-апрель 

Жогорку Кеӊеш  7-апрелди Элдик Апрель революциясы күнү деп жыл сайын белгиленүүчү жумуш эмес күн катары белгилөө жөнүндө мыйзам кабыл алды.

 

Белгилей кетсек,  Апрель окуяларынын 11 жылдыгына карата бүгүн президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен Бишкектин четиндеги «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде апрель окуясында курман болгондор эскерилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1768