Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов ден-соолугу начарлагандыгына байланыштуу изоляцияга алынды. Төрага баш болгон Жогорку Кеңештин 13 кызматкери Covid-19 табылган.
«Учурда Төраганын ден-соолугу туруктуу, дарыгерлердин көзөмөлүндө. 28-июндан тартып Иш башкармалыктын клиникалык ооруканасында стационардык дарылоодон өтүүдө«,-деп билдирет Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы.
Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин Аппаратынын жалпы 13 кызматкеринде анын ичинде Төраганын кабылдамасында иштегендердин арасында Covid-19 илдети аныкталган. Алар менен байланышта болгон жалпы 36 кызматкер ооруну алдын-алуу жана жайылтбоо максатында обочолонуп, аралыктан иштөө режимине өткөрүлгөн.