29-июндан 30-июнга караган түнү, бир сутка ичинде 571 бейтапкоронавирус илдетинен айыгып, дагы 1 965 жаңы учур катталды. Илдеттен улам 8 бейтап көз жумган. Учурда 962 бейтап оор абалда, стационардык абалда даарыланууда. Анын ичинде 158 бейтаптын абалы өтө оор деп айтылат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Каза болгондор:
- Бишкек — 2;
- Ош — 1;
- Баткен — 3;
- Ысык-Көл — 2.
Жуктургандар:
- Бишкек – 1 490;
- Ош – 45;
- Чүй облусу – 111;
- Ош облусу – 94;
- Талас облусу – 8;
- Нарын облусу – 16;
- Ысык-Көл облусу – 35;
- Жалал-Абад облусу – 93;
- Баткен облусу – 73.
Ушуну менен өлкөдө оору жуктургандардын жалпы саны 125 003гө жетти. Анын ичинен 110 082 бейтап дартты жеңген.
Белгилей кетсек, кечетен бери 39 медиктен коронавирус чыкканы аныкталган.