Кечээ, 29-июнда Бишкек шаарына Түркмөнабад шаарынан жүк жүктөлгөн учак келип конду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпы суммасы 21 миллион АКШ долларынан ашуун суммага жашылча-жемиш, сантехникалык буюмдарды жана азык-түлүктү жеткирүү боюнча контракт түзүлгөн.
Ошондой эле жетишилген келишимдер алкагында кийим-кече жана бут кийим өндүрүшү, эки өлкө ишкерлери ортосунда инвестициялык ишмердүүлүктү жана импорттук-экспорттук операцияларды өнүктүрүү жаатындагы кызматташтык тууралуу чечим кабыл алынган.
Аэропорттон жүктү Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары Адылбек Касымалиев тосуп алды.
«Сөздөн ишке өтүүгө убакыт келип жетти. Түркмөнстандан жүк келди, демек, жетишилген келишимдер ишке ашырыла башталды. Келечекте биздин кызматташуубуз кеңейе берет деп ишенем», — деп кошумчалады Касымалиев.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын 27-июнунда кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун аянтчасында Кыргыз өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлиги жана Түркмөнстандын өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин кызматташтыгы алкагында эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрү ортосунда келишимдерге кол коюлган.