7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Талант Мамытов депутаттарды Конституцияны эмес, референдумду талкуулоого үндөдү

533

Бүгүн, 3-мартта Жогорку Кеңеш «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоорду кароодо.
Төрага Талант Мамытов депутаттарга эки жолу эскертүү берип, Баш мыйзамдын долбоору боюнча суроолорду бербөөгө чакырды. Ал күн тартибине референдум жөнүндөгү мыйзам долбоору гана киргенин эске салды.

«Референдумдун мыйзам долбоору боюнча суроолоруңуздарды берсеңиз туура болот. Биз азыр Конституциянын долбоорун талкуулабайбыз. Өзүңүздөр билгендей эле, Баш мыйзамдын жаңы редакциясынын долбоорунун демилгечилери катары бир нече депутат чыгып сүйлөдү. Андан соң айрымдары коркконунан кол коюудан баш тартышты. 10-январда өткөн референдумдун жыйынтыгы боюнча эл президенттик башкарууну тандап алды жана бул багытта долбоор даярдалган. Бардык учурларды бир Конституцияга батыруу мүмкүн эмес”, — дейт спикер.

Белгилей кетсек, парламент Конституциянын жаңы долбоору боюнча талкуу өткөрүп, андан кийин ал конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук реформалар боюнча комитетте карашты.

534