7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Талант Мамытов экономикалык мунапыс жөнүндө мыйзамга кол койду

424

Президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытов «Экономикалык амнистия маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2020-жылдын 23-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Документ расмий жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет.

Жогорку Кеңеш 2020-жылдын 23-декабрында «Экономикалык амнистия боюнча мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун карап, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алган.

Долбоордун демилгечилеринин бири депутат Гүлшат Асылбаеванын айтымында, документ бюджетте тартыштык болуп турган мезгилде мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоону каалаган адамдарга карата гумандуу мамиле кылуу үчүн даярдалган.

Ошондой эле мүлкүн өз ыктыяры менен адалдаштырган ишкерлерге карата текшерүү жүргүзүлбөй тургандыгын, тиешелүү кызматтар тарабынан текшерүү башталган күндө да, декларацияланган документтер көргөзүлөрү менен ишти кароо токтотуларын айткан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

425