7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Талант Мамытов прокуратура кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

325

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов прокуратура кызматкерлерин Прокуратура кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. 

Төмөндө Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун куттуктоосу:

«Урматтуу прокуратура органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын Прокуратура кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Прокуратура органдары мамлекет эгемендикке жетишкен күндөн тартып өлкөдө мыйзамдуулук менен тартиптин сакталышы үчүн кызмат кылып, «мыйзамсыздыктын, коррупциянын жана адилетсиздиктин айынан келип чыккан „кара ниет иштер“ менен элдешкис күрөш жүргүзүп келишет.

Жакында эле болуп өткөн октябрь окуяларынан кийин өлкө оор кырдаалга туш болгон мезгилде укуктук мамлекеттин негиздерин жана кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөдө прокуратура органдарынын орду жана мааниси мурдагыдан да артып барат.

Мындай шартта жарандардын бузулган укуктары менен мамлекеттин кызыкчылыктары канчалык натыйжалуу жана өз убагында корголорунан, терроризм, кылмыштуулук жана коррупция менен канчалык так жана сабаттуу күрөш жүргүзүлөрүнөн, ошондой эле ар бир кызматкердин кесипкөйлүгү менен компромиске барбастыгынан прокуратура органдарынын гана кадыр-баркы эмес, жалпы эле Кыргызстандын келечеги көз каранды.

Сиздер кесиптик салтыңыздарды мындан ары да сактап, өркүндөтүп, мамлекетке, элге жана мыйзамга берилгендик менен ак кызмат өтөй берериңиздерге ишенем.
Сиздерге жана жакындарыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубат өмүр каалайм!».

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

326