7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Талант Мамытов Шейх Халиф бин Зайед Аль Нахайянды БАЭнин Улуттук күнү менен куттуктады

466

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти Шейх Халиф бин Зайед Аль Нахаянды БАЭнин Улуттук күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.


«Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Бириккен Араб Эмираттарынын Улуттук күнү менен Сизди жана Бириккен Араб Эмираттарынын элин чын дилимден куттуктайм! Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара колдоого жана жаңы ишенимге негизделген өнөктөштүк жана достук мамилелер эки элдин бакубатчылыгы үчүн мындан ары да бекемделе берет деп ишенем», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Талант Мамытов БАЭ Президенти, Шейх Халиф бин Зайед Аль Нахайянга бекем ден соолук, ийгилик, ал эми Бириккен Араб Эмираттарынын элине бакубатчылык жана өнүгүп-өсүүнү каалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

467