Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов кечээ, 21-декабрда, Жалал-Абад облусуна иш сапары учурунда прокуратура органдарынын ардагери жана устаты Жунусмамат Асырановго барып жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 73 жаштагы Жалал-Абад шаарынын тургуну Жунусмамат Асыранов көп жылдар бою Ош жана Жалал-Абад облустарынын прокуратура органдарында иштеген. Ошол жылдары Жунусмамат Асырановдун жетекчилиги астында прокуратуранын бөлүмдөрүндө Талант Мамытов да эмгектенген.
«Сизден алган билимди жана тажрыйбаны мен андан ары жакшылап өздөштүрдүм, алар менин күнүмдүк ишиме ар дайым жардам берип турат», — деп белгиледи Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу.
Талант Мамытов Жунусмамат Асыранов менен прокуратура тармагындагы бирге иштеген жылдарын көп эскерерин, ардагер ал үчүн өзүнүн ишине берилген, жогорку кесипкөй жана чынчыл мамлекеттик кызматкердин үлгүсү бойдон кала берерин белгиледи.
«Мамлекеттик кызматта сиздин сапаттарга ээ болгон адистер иштешин каалар элем», — деп айтты Президенттин милдетин аткаруучу устатына кайрылып.