7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Талант Мамытов ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышат

264

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 2-декабрда, Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин видеоконференция форматындагы сессиясына катышат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.


Маалыматка ылайык, уюмдун мындан аркы ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун арттыруу, Жамааттык коопсуздук кеңешинин жана ЖККУнун уставдык органдарынын сессияларынын чечимдеринин ишке ашырылышынын жүрүшү, ЖККУга мүчө-мамлекеттердин парламенттер аралык кызматташуусун мындан ары бекемдөө маселелери талкууланат.


«Иш-чарага Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенконун, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашиняндын, ошондой эле ЖККУ башкы катчысы Станислав Застын катышуусу күтүлүүдө», — деп жазылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

265