7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Талас-Агро-Диалог” айыл чарба форуму өттү

222

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаевдин демилгеси менен бүгүн 22-ноябрда, “Талас-Агро-Диалог” темасында айыл чарба форуму өттү.

Иш-чара К. Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында уюштурулуп, ага Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Самат Насирдинов, Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев, Органика айыл чарбасы жана кайра иштетүү департаменти, Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаменти, КР Соода өнөр жай палатасы, «Аталык Групп» агроөнөр жай холдинги, Бай-Багбан ассоциациясы, Балык өнөр жай ассоциациясы, Альянс Алтын компаниясы, Фазенда багбан-блогери Абдукадыр Абдушукуров, мамлекеттик банктар ж.б. жеке компаниялар, агенттиктер жана дыйкандар, фермерлер, багбандар катышты.

Форум дыйкан-фермерлерге маалымат алуу үчүн В2В форматында уюштурулуп, анда айыл чарбаны өнүктүрүүнүн негизги аспектилери, инновациялык технологияларды киргизүү, айыл чарба продукциясынын өндүрүмдүүлүгүн, сапатын жогорулатуу, дыйканчылык, багбанчылык, мал чарбасы, тоют өндүрүү жана башка актуалдуу маселелер талкууланды.

Буга кошумча иш-чаранын жүрүшүндө жаңы келген айыл чарба техникаларынын көргөзмөсү жана Талас облусунда өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларынын көргөзмөсү уюштурулду.

Сессиялардын соңунда Талас облусунун айыл чарба багытын жакшыртууга жана өнүгүүсүнө кошкон зор салымдары үчүн эмгек алдынкыларына, мыкты чарбакерлерге Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын төш белгилери, ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары тапшырылды.

Аталган иш-чара Жерүй кенин иштетип жаткан Альянс Алтын компаниясынын демөөрчүлүк колдоосу менен өткөрүлдү.

223