Президент Садыр Жапаров “Жарандардын ден соолугун коргоо жаатындагы КР айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына, Укук бузуулар жөнүндө кодексине, Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2024-жылдын 23-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Аталган мыйзамдын максаты жарандардын ден соолугун жана бакубаттуулугун никотинди камтыган электрондук сигареттерди колдонуудан коргоону камсыз кылуу болуп саналат. Мызамга ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына электрондук сигареталарды ташып келүүгө, жүгүртүүгө жана колдонууга тыюу салынат.
Электрондук сигареталарды пайдаланууга жана сатууга тыюу салуу жөнүндө талаптарды бузганды үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик каралган. Электрондук сигареталарды колдонуу жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 600 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. Электрондук сигареталарды сатуу жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
Мыйзам менен Кылмыш-жаза кодексинде электрондук сигареталарды мыйзамсыз ташып келүү үчүн жоопкерчилик белгилеген.
Ага ылайык, электрондук сигареталарды олуттуу өлчөмдө ташып келүү – эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же бир жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен 1000ден 1200 эсептик көрсөткүчкө чейинки айып салууга жазаланат. Ири же өзгөчө ири өлчөмдө жасалган ошол эле жосун – 1500дөн 2000ге чейинки эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Мыйзам 2025-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.