Болжолдуу баасы 1 млрд сомдон ашык имараттары жана курулмалары бар «Асыл-Таш» мүлктүк комплекси, ошондой эле 13,33 га жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.
Тактап айтканда, Равшан Жээнбеков Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп турганда 2002-жылы Маммүлкком фонду тарабынан 13,33 га участокту жана «Асыл-Таш» пансионатынын мүлктүк комплексин аффилирленген жактардын пайдасына 12 млн 703 миң сомго төмөндөтүлгөн нарк боюнча сатуу үчүн буйрук чыгаргандыгы аныкталган.
Бул комплекс Р.Жээнбековдун жакын адамдарына таандык болгон. Учурда «Асыл-Таш» пансионатына жанаша жайгашкан жана мурда анын балансында турган, жеке менчикке мыйзамсыз менчиктештирилген башка жер участокторун мамлекеттин пайдасына кайтарып алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, «Асыл-Таш» пансионатынын ээси мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы башчысы, учурда «Кемпирабад» кылмыш иши боюнча айыпталып жаткан Р.Жээнбеков болгон.