7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиевдин атын жамынып пара алды делген экс-элчи боюнча иштин чоо-жайы айтылды

278

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети АКШдагы мурдагы элчи Бакыт Аманбаевдин ишинин чоо-жайын ачыктады.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, 2024-жылдын 20-ноябрында УКМКнын төрагасы Качыбек Ташиевдин тапшырмасына ылайык, Б.А. аттуу жарандын арызы боюнча Кыргызстандын АКШ жана Канададагы мурдагы элчиси Б. Аманбаевге Б.А.нын мурда кармалган тууганына карата кылмыш ишин оң чечкендиги үчүн 250 миң АКШ долларын опузалап талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында текшерүү башталган.

Арыздануучу Б.А. аттуу адам жалган маалымат берип, Кыргызстандын АКШ жана Канададагы мурунку элчиси Бакыт Аманбаевге карата арыз жазган.

Иликтөө аркылуу Б.А. аттуу адам менен Бакыт Аманбаевдин ортосунда аласа-бересе болгону аныкталды. Башкача айтканда, элчи тарабынан опузалап акча талап кылынган эмес. Учурда арыздануучуга 250 миң доллар кайтарылып, ал тосмо арыз жазып берген. Экс-элчинин аракетинде кылмыштын курамы жок.

Учурда арыздануучу Б.А. аттуу адамга карата жалган маалымат бергени боюнча текшерүү жүргүзүлүп жатканы, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилери кошумчаланды.

279