7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Талас: Опузалап пара талап кылуу фактысы менен судья кармалды

801

Талас облусунун Бакай-Ата райондук сотунун судьясы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Талас облусунун Бакай-Ата райондук сотунун судьясы тарабынан 25 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы аныкталды.

Аталган судья Т.Б.Ш. жабырлануучудан мурда 5 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык алган. Кийин март айында сот отурумунун катчысы аркылуу белгиленген сумманын бир бөлүгү 10 миң сом өлчөмүндө акча каражатын айдоо жерлерин бөлүштүрүү боюнча каралып жаткан жарандык иш боюнча оң чечим чыгаруу үчүн алганы аныкталды.

Аталган факты Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинде (Опузалап пара алуу) боюнча каралган кылмыштын негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

16-апрель күнү Бакай-Ата райондук сотунун судьясы акчалай сыйлыктын калган суммасын алуу учурунда кармалды.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

802