Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-апрелде, Азербайжан Республикасына расмий сапарынын алкагында Баку шаарындагы “Ардак аллеяга” барып, Азербайжандын улуттук лидери Гейдар Алиевдин элесин анын мүрзөсүнө гүлчамбар коюу менен эскерди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы ошондой эле Гейдар Алиевдин жубайы Зарифа Алиеванын мүрзөсүнө гүл коюу менен анын жаркын элесине таазим кылды.
Андан соң, делегациясы Ардактуу кароол тизилген “Шейиттер аллеясына” барышты.
Садыр Жапаров Азербайжандын курман болгон баатырларынын элесин эскергенден кийин эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды.