7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Талас районуна «Өзгөчө кырдаал» режими киргизилди

349

Талас районуна «өзгөчө кырдаал» режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Талас районунун Р.Айдаралиев айыл аймагына караштуу Көпүрө-Базар айылынан агып өткөн Кара-Кол дарыясына муз тоңуп, жээкке жакын жайгашкан үйлөрдү, короо-жайларды каптоо коркунучу жаралган.

Мындан улам 26-январда Талас райондук Жарандык коргонуу комиссиясынын төрагасы-аким, ӨКМдин Талас облустук башкармалыгынын жетекчилик курамы, “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” бөлүмүнүн башчысы менен биргеликте Көпүрө-Базар айылында жеринде изилдөө иштерин жүргүзүп, облустук ЖК кызматтарын тартуу чечимин кабыл алышты.

Кырдаалды жөнгө салуу жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу максатында Талас районунун аймагында райондук деңгээлдеги «Өзгөчө кырдаалдар» режимин Жарандык коргонуу башчысы – аким Нургазы Нармырзаев жарыялады.

Учурда №36 жол тазалоо ишканасынан 10 жумушчу, 2 техника, Талас району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, майор Э.Курманбаев жетектеген 6 кызматкер жана 1 АСМ тартылган. Ошондой эле “Кызыл ай” коомунун Талас облусундагы өкүлчүлүгү колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирип, муз тазалап иштеп жаткандарга 3 күндүк ысык тамагын уюштурууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

350