7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жабырлануучуну 1 млн. долларга алдаганга шектелип Жеңиш Разаков кармалды

530

Жеңиш Разаков кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана алдамчылыкка шектүү катары кармалып, баш коргоо чарасы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлиги Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков алдоо жолу менен 1.000 000 АКШ долларын алган факты боюнча козголгон кылмыш ишин тергеп жатат.

2022-жылдын 20-сентябрында ИИМдин Тергөө кызматына жаран Б.А. кайрылып, мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго мыйзамдуу чара көрүп берүүнү суранып, арызын жазган. Жабырлануучунун жазган арызында 2017-жылдын ноябрь, декабрь айларында кызмат абалынан пайдалануу менен анын ишенимине кирип, ишкердик ишмердүүлүк жүргүзөбүз деп 1 000 000 АКШ долларын алып бербей койгондугун билдирген.

2022-жылдын 1-октябрында ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (алдамчылык) менен иш козголгон.

2023-жылдын 24-январь күнү Жеңиш Разаков кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кечээ, 26-январда ага Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (алдамчылык) жана 337-беренесинин 4-бөлүгү (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен айыбы угузулду. Ушул эле күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен анын баш коргоо чарасы аныкталып, 24-февралга чейин №1 тергөө абагына камакка алынды. Козголгон кылмыш иши боюнча тергөө процесстери уланууда.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

531