7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта 10 гектардан ашык жерди мыйзамсыз берген шектүү кармалды

19

Талас облусунда жерлерди мыйзамсыз бөлүштүрүүдөгү коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Айтматов районунун Кара-Буура айыл өкмөтүнүн аймагынан айыл өкмөттүн токтомун жасалмаланып, 43 жаранга жалпы 10 гектардан ашык жер тилкелери берилген.

Фактылар боюнча Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Айтматов филиалынын адиси Э.А.Т. өзүнө карата текшерүүнү токтотуп, жоопкерчиликтен бошонуу максатында 20-январда УКМКнын кызматкерине 100 миң сом пара берип жатканда кармалды.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, ага карата жана кылмыштуулукка катыштыгы бар болгон тиешелүү органдардын кызматкерлерин аныктоо багытында тергөө иштери жүрүп жатат.

20