7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта 200 бүтүрүүчү медициналык академияда бекер окуйт

157

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев Таластагы мектеп бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ыйгарым укуктуу өкүлдүн маалымат кызматынан билдирди.

Иш-чарада аймактагы ак халатчандардын тартыштыгы жана медициналык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу маселесин талкууладык. Бул маселени чечүү максатында 200 мектеп бүтүрүүчүнү И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында окутуу демилгесин көтөрдүм. Бүгүнкү күндө Талас облусунда 170 дарыгер жетишпейт. Бул – жөн гана сан эмес, бул — өз убагында жардам ала албай жаткан жаран, эне, бала деген сөз. Бул маселени чечүү үчүн, быйыл облустан мыкты окуган 200 бүтүрүүчүнү И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына академияга кабыл алып, алардын окуу чыгымдары медициналык академияны окуп бүтүргөнчө толук каржыланат. Ар бир бүтүрүүчү жана ата-энеси менен атайын келишим түзүлөт. Анда, билим алып бүткөн соң, жаш дарыгерлер кеминде 7 жыл Таластын мамлекеттик ооруканаларында кызмат өтөшү керек деп көрсөтүлөт. Жаштарга жол ачпай туруп, келечекке үмүт кура албайбыз. Биз бул чечимге Таластагы ак халатчандардын таңкыстыгы жана жаш муунга болгон чоң ишеним менен барып жатабыз”, — деп билдирди Эрмат Джумаев.

Эсиңиздерге салсак, иш-чарага Таластын төрт району боюнча 180ден ашык бүтүрүүчү, агартуучулар жана ата-энелер катышышты. Аталган демилге — кадрдык потенциалды арттырууга жана аймактын өнүгүшүнө чоң өбөлгө түзмөкчү.

158