7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта “Баластан” борборунун курулушу 90% аяктады

156

Талас шаарында курулуп жаткан “Баластан” балдары өнүктүрүү жана оюн-зоок борборунун курулушу 90% аяктады. Бул тууралуу Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев билдирди.

“Урматтуу Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаровдун тапшырмасынын жана колдоосунунун негизинде Талас шаарында курулуп жаткан “Баластан” балдарды өнүктүрүү жана оюн-зоок борборунун курулуш иштери 90% аяктады. Аталган объекттин курулушу 2025-жылдын күз мезгилинде мамлекет башчыбыздан мезгил кутусун салуу менен башталган. “Баластан” балдарды өнүктүрүү жана оюн-зоок борборунун жалпы аянты 6,5 гектарды түзгөн комплекс 9 корпустан турат жана келечекте шаардын маданий, эс алуу жана экономикалык борборлорунун бирине айланат”, — деди Жумаев.

Долбоорго ылайык, “Баластан” борборунда заманбап аттракциондор, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын оюн аянтчалары, кинотеатр, конгресс-зал, боулинг, коомдук тамактануу жайлары, лабиринттер, ошондой эле чыгармачылык жана интеллектуалдык өнүгүү борборлору курулууда. Мындан тышкары, борбордо конокторду кыргыз тилинде тейлей турган робот-гиддерди ишке киргизүү пландалууда.

Объект пайдаланууга берилгенден кийин 200дөн ашуун жаңы жумуш оруну түзүлүп, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө олуттуу салым кошот. Эс алуу жайы ушул жылдын 11-12-сентябрында Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгын салтанаттуу белгилөөдө мамлекет башчыбыздын катышуусунда расмий ачылат.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

157