7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласка үч ири завод жана аттракциондор курулат

627

Талас шаарында өндүрүш багытында  3 ири завод курулат. Бир  асфальт завод, бир темир-бетон завод жана  кум шагыл чыгаруучу  завод салынат. Ошондой эле 8 түрлүү кооз  аттракциондор салынат.

Бул боюнча  Президент Садыр Жапаров тапшырма берип,  Талас шаарын өнүктүрүүгө 1 млрд.сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

Тапшырманы аткарууда Талас шаарынын мэри Эрмат Джумаев тажрыйбалуу адистерди издеп Кытайга барып сүйлөшүп, өндүрүшчүлөрдү  Таласка алып келди.

Кытайлык өндүрүшчүлөр менен Талас шаарынын мэри  кол алышып, меморандумга кол коюлду. Кытайлык адистер заводдорду жана аттракциондорду кечиктирбей сапаттуу кылып куруп берүүнү убадалашты.

Жыл этегине чейин Талас шаарындагы паркта эң кооз аттракциондор иштеп калат. Ошондой эле 3 чоң завод ачылып , өндүрүш күчүнө кирет.  100 дөн ашык  жаңы жумушчу орундар пайда болот.

Мындан тышкары Талас шаарында 50 км тротуар салынат. Вело жолдор курулат . Борбордук аянт жана башка көчөлөр асфальтталат.

 

 

 

 

628