7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта эки жашар бала апасы менен көлмөгө чөгүп кетти

278

Кечээ, 14-февраль күнү Талас облусунун Арал айылында көлмөгө эки жаштагы бала чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаал министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, апасы баланы куткарам деп артынан түшүп, кошо чөгүп кеткен.

Куткаруучулар жеткенге чейин атасы баланын жансыз денесин суудан алып чыккан. Жерине 4 куткаруучу тартылып, аял кишинин жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

«14-февралында Талас облусунун Арал айылында көлмөгө жаш бала (2018-ж.т. С.Б.) чөгүп кеткен. Баланын апасы (1996-ж.т. Б.А.) баланы куткарам деп артынан тушүп, кошо чөгүп кеткен. Баланын атасы уулунун жансыз денесин суудан алып чыккан. Жерине Талас райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, аял кишинин жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

279