7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип 27 жаштагы келин кармалды

326

Талас облусунда күйөөсүнүн өлүмүнө шектелип, 27 жаштагы келин кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-январь күнү саат 06:30 чамасында Манас районунун Новодонецк айылынын тургунунун жансыз денеси өзү жашаган үйүнүн короосунан табылган. Факты Манас РИИБинде маалыматтарды эсепке алуу журналына катталып, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыгышкан.

Тергөө-ыкчам тобу тарабынан окуя болгон жерге барып, жеринен кароо жүргүзгөн учурда, үйүнүн кире бериш бөлмөсүндө 1994-жылы туулган Х.Н. аттуу жарандын жансыз денеси жаткан. Дене учтуу нерсе менен кесилип, анда урулган жаракат белгилери болгон.

Кылмыштын бетин ачуу максатында тергөө жана иликтөө иштери башталып шектүү катары маркумдун аялы кармалды. Шектүү келин учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

327