Таласта каттоодон өтпөгөн асфальт-бетон заводунун курулушу аныкталды, деп маалымдады Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы.
Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлү департаментинин Талас аймактык башкармалыгынын инспекторлору жүргүзгөн рейдде, Айтматов районунун Чоң-КараБуура айылынын четиндеги 78-контурда жайгашкан курулушу 70%га аткарылган завод иштеп жаткандыгы аныкталган.
«Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча «Гранит Транс Сервис» ЖЧКсына карата жазуу жүзүндө эскертүү берилди, учурда колдонуудагы мыйзамдардын чегинде тиешелүү чаралар көрүлүүдө», — деп айтылат билдирүүдө.
Маалымат үчүн: Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Гранит Транс Сервис» ЖЧКсы 2020-жылы катталган. Компаниянын жетекчиси жана негиздөөчүсү Курманалиев Айбек Султанмуратович.



