7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта курал-жарактардын жана жардыруучу заттардын жашырылган жери табылды

570

Таласта курал-жарактардын жана жардыруучу заттардын жашырылган жери табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан курал-жарактарды, ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, алдын ала жүргүзүлгөн текшерүүнүн иштеринин алкагында ок атуучу куралдар жана жаржыргыч заттар сакталган жашыруун жай табылды.

Ушул жылдын 2-февралында, Кара-Буура районунун Казакстан менен чектешкен тоолуу аймагынан жашыруун жай табылып, андан (РГД-5) жарылуучу зат жана номерлери өчүрүлгөн 12-калибрдеги жылмакай мылтык табылып алынган.

Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

571